Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

Зеленский Украинанын Казакстандагы элчисин кызматтан алды


Петр Врублевский жана Казакстандын Тышкы иштер министринин орунбасары Ермухамбет Конуспаев.
Петр Врублевский жана Казакстандын Тышкы иштер министринин орунбасары Ермухамбет Конуспаев.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандагы элчиси Петр Врублевскийди кызматтан алды. Жарлык 18-октябрда президенттин кеңсесинин сайтында жарыяланды. Элчилик кызматка ким келери азырынча белгисиз.

Врублевский быйыл августта блогер Диас Кузаиров аттуу блогер менен маегинде Украинадагы согушту комментарийлеп: “Мүмкүн болушунча көп орустарды өлтүрүүгө аракеттенип жатабыз. Канчалык көп орусту жок кылсак, алар ошончолук азыраак балдарыбызды өлтүрүшөт”, - деген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги элчи менен сүйлөшкөнүн, ал билдирүүсү үчүн кечирим сураганын билдирген. Орус тарап Врублевскийди Казакстандан чыгарууну талап кылган.

52 жаштагы Врублевский Украинанын Казакстандагы элчиси болуп 2020-жылы дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG