Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Херсондун тургундарын шаардан чыгып кетүүгө чакырган билдирүү тарады


Украинанын Херсон облусунун Орусия дайындаган бийликтери Херсон шаарынын тургундарына украин армиясы аткылашы мүмкүндүгүн эскертип, калаадан чыгып кетүүгө үндөгөн SMS билдирүү жөнөтүүдө.

Облустун оккупациялык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов видеокайрылуу жасап, жакын арада Херсон үчүн салгылашуу баштала турганын айтты.

18-октябрда кечинде Херсон облусунун орус администрациясынын жетекчиси Владимир Сальдо карапайым калк аймактын оң жээгиндеги төрт районунан жапырт эвакуациялана турганын жарыялады.

Анын айтымында, Днепрдин сол жээгине жана Орусиянын башка аймактарына 50-60 миңдей кишини көчүрүү пландалууда.

Украина тараптан буга комментарий боло элек.

Херсон жети айдан ашуун убакыттан бери Орусиянын көзөмөлүндө. Сентябрдын башынан бери Украинанын Куралдуу күчтөрү басып алынган жерлерди бошотуу үчүн активдүү контрчабуулга өткөн.

XS
SM
MD
LG