Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар 650 миңден ашты


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алды. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алды. Архивдик сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30 жылдын ичинде 650 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын билдирди. Бул тууралуу ал 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Парламенттеги өкмөттүк саатта Акылбек Жапаров миграция боюнча маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын жарандары көбүнчө Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр – Орусия жана Казакстанга иштегени кетет. Расмий маалымат боюнча Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык иштеп жүрөт.

“Орусияда 651 миңге жакын адам дактилоскопиядан өтүп, миграциялык каттоого турду. 73 миң жаран же 9% расмий каттоодон өтө элек. Маселенин баары ушул жарандарыбызга келип такалып атат. Алар өз убагында каттоодон өткөн жок. Мунун ичинде 38 миң 149 жаран “кара тизмеде” турат”, - деди Жапаров.

Расмий маалыматка таянсак, ушу тапта Түштүк Кореяда 6400, Түркияда 35 миңге жакын жана алыскы чет мамлекеттерде 40 миң ашык киши эмгектенүүдө.(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG