Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Милициянын убактылуу кармоочу жайларындагы абал изилденди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор милициянын убактылуу кармоочу жайларын кыдырып, ичиндеги шарттары кандай экенин изилдеп чыкты. Изилдөөнү жүргүзүүгө Кыйноолорго каршы коалиция, жазык процессиндеги адам укуктарын коргоо боюнча “Article 9” ассоциациясы жардам беришти.

Анын жыйынтыгында Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайлардын көпчүлүгүндө шарттар санитардык нормаларга жооп бербей турганы аныкталды – көбү өткөн кылымдын алтымышынчы, сексенинчи жылдарында курулган, аянты нормага туура келбейт, көбүндө терезеси жок.

Изилдөөгө алынган 45 жайдын 10у жертөлөдө экени, 11и гана өзүнчө имаратта жайгашканы, көбүндө жууна турган жерлер, дааратканалар жок экени, жаңы курулуп жаткандарынын айрымдары да эл аралык стандарттар менен нормаларга жооп бербей турганы, курулуш документтери жашыруун экени аныкталды.

Маалымат сурамжылоого катышкан абак жетекчилери менен кызматкерлеринен жана ошол убактылуу кармоочу жайларда камакта отурган адамдардан чогултулганы айтылды.

Изилдөөнүн жыйынтыгында “Кылмышка шектүүлөрдү ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларында кармоо шарттарынын атласы” деген электрондук база түзүлмөй болду.

Кыргызстанда милициянын колуна түшкөн кылмышка шектүү адам алгач ошол мекеменин убактылуу кармоочу жайында кармалат, эгер сот тергөө бүткөнчө аны камакта калтырууну чечсе тергөө абагына которулат. Тергөө аяктап, иш сотко өткөндөн кийин ал жактан соттун чечимине жараша эркиндикке чыгарылат же түрмөгө жөнөтүлөт.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG