Путин Украинанын күч менен аннексияланган 4 аймагына аскердик абал киргизди. Эми төрт облустун жарандарын согушка тартса болот. Орусияда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо күчөтүлгөн режимге өттү. Майданда украин күчтөрү контрчабуулун улантууда. 200гө жакын активист кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Жабык өткөн жыйынга катышуучулар телефон-камерасы жок киргизилди. Парламентте депутаттар Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон комитеттин чечимине кол койгон эмес.
Чыгарылыштар
-
Август 24, 2026Cулайман-Тоо: "Ош мэриясы ЮНЕСКО менен кызматташат"
-
Август 21, 2026Украина: Борбор Азиядан 13 миңдей киши орус армиясында жүрөт
-
Август 20, 2026Cоциал-демократтардын абак мөөнөтү эки айга узарды
-
Август 20, 2026“Түндүктөгү” жарандардын жеке маалыматын ким коргойт?
-
Август 18, 2026Ош: Ломоносов менен "Олимп" мектептеринин имарат талашы
-
Август 17, 2026Борбор Азия: Жарык жапырт өчкөнүн атайын комиссия иликтейт