Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Акылбек Жапаров ЕАЭБ ички соодадагы тоскоолдуктарды жоюшу керектигин айтты


Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары. Ереван, Армения. 20-октябрь, 2022-жыл.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары. Ереван, Армения. 20-октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-октябрда Ереван шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы жыйында сүйлөп жатып, Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) иш-чарасы геосаясий жана геоэкономикалык оор шартта өтүп жатканын белгиледи.

"Мындай оор кырдаалда биздин бирикме, менимче, өзүнүн негизги максатын – өз ара соодада тоскоолдуктарды жоюу жана анын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртышы керек", - деди Жапаров.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин эки күндүк жыйынында 20дан ашык маселе каралмакчы.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кыргызстан менен Армения уюмга 2015-жылы кошулган.(ZKo)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG