Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Эрдоган менен Алиев Тоолуу Карабак жакта жаңы аэропорт ачышты


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев. 20-октябрь, 2022-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев. 20-октябрь, 2022-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев 20-октябрда талаштуу Тоолуу Карабак аймагына жакын Зангелан шаарында экинчи эл аралык аэропортту ачышты.

Бул Баку жикчил аймактын 2020-жылы кайтарып алган бөлүгүнө курган экинчи аэропорт. Былтыр ушул эле эки президент Физули шаарында да эл аралык аэропорттун ачылышына катышкан.

Лачин шаарында дагы бир аэропорттун курулушу башталгып, 2025-жылы аяктары күтүлүүдө.

Биргелешкен маалымат жыйында Эрдоган Түркия менен Армениянын ортосундагы алаканы калыбына келтирүү мүмкүн экенин айтты.

"Армения менен Азербайжандын, Түркия менен Армениянын ортосундагы алакалардын жайгарылышы бири-бирине көз каранды. Биз жаңы ачылып жаткан мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек", -деди Эрдоган.

Армения менен Азербайжан тынчтык келишимин түзүүгө киришкен, ал эми октябрь айынын башында Эрдоган Чехияда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинянга жолуккан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, кагылышкан. Анда эки тараптан 6500 адам мерт болгон. Орусиянын ортомчулугу менен аяктаган кыска согуштун жыйынтыгында Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Эки тарап ортосунда быйыл сентябрда болгон куралдуу кагылышуу 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG