Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Ташиев Баткенде чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү


Камчыбек Ташиев Баткенде жыйын өткөрдү. 21-октябрь, 2022-жыл
Камчыбек Ташиев Баткенде жыйын өткөрдү. 21-октябрь, 2022-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

УКМКга караштуу Чек ара кызматынан кабарлагандай, жыйында Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөр саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керектигин айткан.

"Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгойт. Ошондуктан буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер дагы, катардагы жарандар дагы чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө боло турган шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга, Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык, стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек", - деген Ташиев.

Ал Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө милдетин коюп, кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын айтты.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG