Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Балыкчы-Кочкор темир жолун орусиялык ишкана менен бирге куруу талкууланды


“Кыргыз темир жолу” ишканасы тараткан сүрөт.
“Кыргыз темир жолу” ишканасы тараткан сүрөт.

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорун орусиялык “РЖД Интернешнл” ишканасы менен бирге ишке ашыруу талкууланды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги менен “Россия темир жолу” (РЖД) холдингине кирген РЖД Интернешнл” инженердик компаниясынын жетекчилигинин ортосунда талкуу өттү. Анда долбоорду ишке ашыруудагы маселелер талкууланганы айтылат. Бирок, кенен маалымат жазылган эмес.

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорунун 2022-жылы пландалган беш чакырымын куруу иштеринин 80% аяктады. Буга чейин беш чакырымдан сырткары дагы үч чакырымды куруу пландалып жатканы маалымдалган.

Учурда долбоордун биринчи баскычы болгон узундугу 63 км түзгөн Балыкчы-Кочкор тилкеси курулуп жатат. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG