Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Акыйкатчы институту Сооронкулова, Карасартова, Молдокматов милицияга жеткирилгенин билдирди


Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдакматов, Рита Карасартова.
Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдакматов, Рита Карасартова.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Свердлов райондук милициясында укук коргоочу Рита Карасартова менен жолукканын маалымдады. Анын маалыматында, Карасартова “массалык башаламандыкка" шектелип жатат.

Ошондой эле Акыйкатчы жарандык активист Акыл Айтбаев менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. "Анын үйүндө эч ким жок болгондуктан тинтүү жүргүзүлгөн эмес",- деди Абдрахматова.

Адвокат Чынара Жакупбекова саясатчы Клара Сооронкулованы Биринчи май райондук милициясына алып баратышканын жазды.

Активист Атай Бейшенбек саясатчы Жеңиш Молдакматовду Октябрь райондук млициясына алып баратканын кабарлап, видеосун Фейсбукка жүктөдү. Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова активисттер Али Шабдан жана Эрлан Бекчоро милицияга жеткирилгенин кабарлаган.

Социалдык тармактарда саясатчылар Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаровдун дагы милицияга суракка чакырылганы тууралуу маалымат тарады. Бирок алардын өздөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

ИИМ тинтүү жана суракка чакыруу боюнча расмий маалымат бере элек.

23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттердин үйүндө милиция тинтүү жүргүзүп жатканы кабарланган.

22-октябрда Равшан 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.

20-октябрда президент Жапаров баштаган жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Берилген суроолорго президент Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берген. Экөө тең “жер берилди, сатылды” деп жалган маалымат таратпоого чакырып, Кыргызстан алып жаткан 19 миң 699 гектар жердин көпчүлүгү Өзбекстанга таандык болгонун айткан. Анын ордуна Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4485 гектар жерди берип жатканы белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG