Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Президент Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттиги менен болгон маегинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирди.

“Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз. 1960-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келди. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.

Эми тарыхый- архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан жер беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө”, - деди Жапаров.

Президент 1965-жылы Өзбекстан суу басып калган жердин ордуна берген 4127 гектар жерге кайсы айылдар түшкөнүн тизмектеген. Мамлекет башчы учурдагы келишимдин шарттарын айтып берди.

“Биз азыр эмне кылдык? 1965-жылы суунун горизонту 908 деп бекиген экен. Эгер бүгүн суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. Биз суунун гоизонтун 900гө түшүрдүк. Эми 5731 гектар жерди эмес 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан. Мындан сырткары, суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат”, - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, элдин 99% келишимди колдоруна ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. Оппозиция кыргыз-өзбек чек ара келишиминдин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча позициясын кескин сындап жатат. 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG