Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Сот Бекназаровду 23-декабрга чейин камакта калтырды


Азимбек Бекназаровду сот залынан алып чыгып бараткан учур.
Азимбек Бекназаровду сот залынан алып чыгып бараткан учур.

"Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналган саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алды.

Мурдараак журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активист Али Шабдан, "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камалган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

  • Азимбек Бекназаров 2005-жылы "Жоогазын" ыңкылабынан соң башкы прокурор болуп бекиген. Бир нече ай иштеген соң кызматтан алынып, оппозицияга кеткен. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. 2019-жылы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган. Быйыл августта элчилик кызматтан бошотулган. Октябрда "Кумтөр" кенинин ишмердигин көзөмөлдөгөн коомдук комиссия түзүлүп, ага төрага болуп шайланган.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG