Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Теңчилик үчүн коалициясы жапырт камоолор боюнча бийликке кайрылды


Кармалгандарды сотко алып кетип баратышат. 24-октябрь, 2022-жыл. Бишкек
Кармалгандарды сотко алып кетип баратышат. 24-октябрь, 2022-жыл. Бишкек

Кыргызстандагы Теңчилик үчүн коалициясы кыймылы кыргыз бийлигине, бардык укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга жапырт камоолор боюнча кайрылуу жолдоду. Анда аталган кыймыл жарандардын "ой-пикирин билдирүү эркиндиги жана адам укуктары кысымга алынып жатканына тынчсыздануусун" билдирген.

"2022-жылдын 23-октябрында, жекшемби күнү убактылуу кармоочу жайга саясатчылардын жана активисттердин массалык кармалышы, тинтүүгө жана камакка алынуусу Кыргызстанда өзгөчөлөнгөн ой жүгүртүүлөргө орун болбой жаткандыгынан кабар берип турат. Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы бул камакка алууларды тынч жыйындар жана бийликтин оппоненттеринин билдирүүлөрүнө карабастан, Кылмыш кодексинин “массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши катары карап жаткандыгы өзгөчө бушаймандык жаратат", - деп жазылган аталган кыймылдын кайрылуусунда.

Мындан тышкары анда жапырт камоолор конституциялык мыйзамдарга туура келбей турганы айтылган, өз пикирлерин ачык билдирип чыккандарга карата саясий куугунтукту токтотууга бийликке чакырык ташталган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. 24-октябрдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын айрымдарынын бөгөт чарасы карап, 20-декабрга чейин камоо тууралуу чечим чыгарды. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кармалгандардын ишине байкоо салып жатканын билдирген.

Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG