Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

26-октябрда Бишкек шаарына жылуулук берилет


26-октябрдан баштап Бишкек шаарына жылуулук берилет. Мындай чечим күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын 24-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулукка туташтырылат. Андан соң турак жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет.

Кыргызстанда 17-октябрдан аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, 25-октябрда бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG