Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:30

Чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон жоокердин апасы элчиге кайрылды


Дастан Анарбеков.
Дастан Анарбеков.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон аскер Дастан Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевге кайрылды.

Иманалиева "Азаттыкка" билдиргендей, Дастан Анарбековду Тажикстандын аймагынан көргөндөр болгон.

"Уулумду Тажикстандан көргөндөр болуптур, бирок ошол көргөн баланы азыр таппай жатабыз. Жакынкы күндөрү издөөгө көмөк көрсөтүү үчүн элчиге кат менен кайрылабыз. Буга чейин социалдык тармактар аркылуу ачык кайрылганбыз", - деген Иманалиева бийлик тараптан эч кандай реакция болбой жатканын кошумчалады.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Баткендин "Достук" айылындагы чек ара тозотунун командиринин орун басары болуп иштеп жаткан. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болууда. Айрым маалыматтар боюнча Дастан Достук айылындагы мектептин жанынан күйүп кеткен. Аскер прокуратурасы күйгөн сөөктү көргөзгөн менен Дастандын жакындары аны четке кагууда.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кырктан ашууну аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун, 200дөйү жараат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, каза тапканы айтылган 84 кишинин тизмесин жарыялады, тажик тарапта да талкаланган турак жайлар бар экенин жазды. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (MKt)

XS
SM
MD
LG