Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Абылов: Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бийликти басып алуу ниети болгон эмес


Мамбетжунус Абылов
Мамбетжунус Абылов

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов бүгүн, 25-октябрда маалымат жыйын өткөрдү. Ал комитеттин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айтты:

"Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бийликти күч менен басып алуу аракети, башаламандык кылуу жана башка аракеттер же чакырыктар болгон эмес. Ал жерде Өзгөндө өткөн курултайдын чечими талкууланган. Мен курултайдын талабына ылайык, коргоо комитетин түзөлү деген сунуш киргизгем. Бекназаров жалпы курултай өткөрүүнү сунуш кылды. Дагы бир сунуш - президентке кат жазып, Кемпир-Абад маселесине мораторий киргизип, сүйлөшүүнү токтото туруу болду", - деди.

Мамбетжунус Абылов социалдык тармактарда өзү тууралуу "оппозициялык саясатчыларды жана активисттерди атайын чакырып, бийликке салып берген" деген айыптоолорду четке какты. Ал комитет түзүүгө чогулган адамдардын тизмесин да журналисттерге таратты.

Абылов "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүү аракетин бийлик өзүнө жагымсыз адамдарды камоо максатында колдонду деген пикирин да кошумчалады. Ал камалгандар арасында жыйынга катышпаган, комитетке мүчө болбогон адамдар бар экенин белгиледи.

"Канат Исаев да чакырылган, бирок жыйынга келген эмес. Аны да кармап, камап койду. Бирок бүгүнкү камалып отургандар жер үчүн абакта отурушат, алардын эрки күчтүү", - деди Абылов.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрга караган түнү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин, Рита Карасартованын камак мөөнөтү 21-декабрга чейин деп белгиленди.

Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты.

Бүгүн, 25-октябрда активист Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралары кабарланган.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG