Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Руслан Бекназаровдун апасы президент Садыр Жапаровго кайрылды


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен кармалып, камакка алынган Руслан Бекназаровдун апасы Гүлүмкан Мамакеева уулун бошотууну өтүнүп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Мамлекет башчыга жолдонгон катында Мамакеева уулу "далилдүү күнөөсү жок жеринен кармалып, камалып отурганын" белгилеген.

"Уулум Руслан Бекназаров атасы - бир кездерде сиз менен Камчыбек Ташиев камакта отурган кезиңерде сиздерди коргоп, адвокатыңар болгон Азимбек Бекназаровдун сиздин бийлигиңизге айткан сын-пикири үчүн камалганына толук ынандым. 23-октябрда атасы Азимбек Бекназаров да күч менен камакка алынбаганда, мен Русландын сот иши аягына чыкканча унчукпай күтмөкмүн. Бирок ата-бала бирдей камакта отурганы оор тийди. Атасынын айтканы үчүн камакта отурган уулум Руслан Азимбековичти бошотуп коюңуздар. Менин ушул катымды окуп жатып, өзүңуздүн камакта олтурган учуруңуздагы ата-энениздин абалын элестетип, адилет чечим чыгарасыз деп үмүттөнөм", - деп жазган Мамакеева.

Ички иштер министрлиги Руслан Бекназаровду Кылмыш кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 14-сентябрда кармап, камакка алган. Аны сот алгач 12-октябрга чейин, кийинчерээк 12-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган. Учурда Руслан Бекназаров №1 Тергөө абагында.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын экстремизмге шек саналып жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган, баласын күнөөсүз деп эсептейт.

Азимбек Бекназаров 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деген шек менен кармаган. 24-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 23-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камалды.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты. Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген.

Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG