Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

KFC тамактануу тармагы Орусиядан биротоло кетет


Америкалык KFC тез тамактануучу жайлар тармагы Орусияда өзүнүн брендин жапмай болду. Бул тармакты башкарган Yum!Brands компаниясы өз франшизасын жергиликтүү ишканага өткөрүп берүүнү баштады. Ага ылайык, мындан ары Орусияда KFC жайларынын ордуна Rostic's деген аталышта тез тамактануучу тармак иштейт.

Франшизаны ижевскилик "Фуд сервис" ишканасы сатып алды. Аталган компания буга чейин деле KFC тармагынын Орусиядагы 41 ресторанын франчайзер катары иштетип келген. "Фуд сервис" мындан тышкары Il Patio, "Планета суши" жана башка бренддери менен иштеген "Росинтер" холдингинин ашканаларын да иштетет.

Yum!Brands компаниясынын KFC аталышындагы 70 рестораны бүт "Фуд Сервиске" жана анын алдында түзүлгөн "Смарт Сервис Лимитед" компаниясына өтөт. Жалпы Орусия боюнча 900дөн ашуун KFC түйүнү бар, алардын көпчүлүгүнө брендди сатып алып иштетип жаткан ишканалар (франчайзер) ээлик кылат.

"Коммерсант" жазгандай, жаңы кожоюн акырындык менен дээрлик миңге жакын тез тамактануучу жайдын аталышын Rostic’s деп алмаштырууга тийиш. Эксперттердин айтуусунда буга бардык эле франчайзерлер макул болушпайт. Алар ошондой эле аталышы өзгөрсө, ижара акысы да кымбатташы ыктымалдыгын жана Yum!Brands ишканасынын көзөмөлү жок тамак-аштын сапаты да өзгөрүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Буга чейин брендин жаап, аталышын өзгөрткөн ири тез тамактануучу ресторандар тармагы - McDonalds болгон. Анын ордуна "Вкусно и точка" деген аталышта тез тамактануучу тармак пайда болгон. Кардарлар жаңы бренддин аталышына жана тамак-аш сапатына нааразылыктарын билдиришкен.

Yum!Brands KFC аталышындагы өзүнүн ресторандарын Орусияда 2022-жылы мартта жапкан.

"Атайын операция" деген негиз менен Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери көптөгөн дүйнөлүк бренддер орус саясатына каршылык иретинде өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотушкан.

XS
SM
MD
LG