Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

ЖК төрагасы парламенттеги фракция лидерлери менен жолукту


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жыйын өткөрдү
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги фракциялар жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында парламенттин ишмердигинде фракциялардын жана катчылыктардын ордун жогорулатуу талкууланган.

Шакиев парламенттеги комитеттер жана фракцияларда бардык маселелерди кеңири талкуулоо зарылдыгын белгилеп, иштин сапатын жакшыртууга чакырган.

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагалыгына 5-октябрда шайланган. Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” фракциялары жана “Элдик”, “Мекенчил” депутаттык топтору иш алып барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG