Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды


Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.
Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы соода диалогун мындан ары чыңдоо боюнча чаралар талкууланды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жапаров Кыргызстан инвестиция үчүн ар дайым ачык экенин белгилеп, "Өлкөдө чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдуу мыйзам базасы түзүлгөнүн" айтты.

Өз кезегинде Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Филип де Леон эки өлкөнүн ортосундагы ишкер мамилелерди өнүктүрүү максатында ушул уюм түзгөнүн, байланыштарды чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди Трюдо сентябрь айынын аягында Кыргызстанга иш сапары менен келип, бир катар мамлекеттик кызматкерлерге, жарандык коомдун өкүлдөрүнө жана журналисттерге жолуккан. Ал АКШ Кыргызстан менен жаңы келишим сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр экенин билдирген.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG