Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Рахмон Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилгенин бышыктады


Эмомали Рахмон Нурек шаарында. Тажикстан, 24-октябрь, 2022-жыл.
Эмомали Рахмон Нурек шаарында. Тажикстан, 24-октябрь, 2022-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон электр энергиясына чектөө киргизилгенин тастыктады. Сентябрдын этегинен бери өлкөнүн ар кайсы жериндеги тургундар маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлгөнүнө нааразылыгын айтып келишкени менен өлкөнүн Энергохолдинги чектөөлөр киргизилгенин моюнга алган эмес.

Дүйшөмбү күнү Нурек шаарында сүйлөгөн кезде Рахмон учурда "көптөгөн өлкөлөр энергетикалык кризиске чалдыкканын, өнүккөн мамлекеттер да энергияны чектөөгө аргасыз" экенин билдирди. Президент уюмдар менен мекемелерди, ар бир үй-бүлөнү күзгү-кышкы сезондо электр энергияны үнөмдөөгө чакырды.

Рахмон Нурекке гидроэлектрстанциянын биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн барган.

Тажикстанда 20 жылдан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин электр энергиясы чектелип, 2017-жылы ал өнөкөт токтогон. Бийлик аны чакан ГЭСтер менен ЖЭБдердин курулушу менен түшүндүргөн. Бирок электр жарыгы үзүл-кесил берилген учурлар көп.

Катардагы тажикстандыктар өлкө адегенде өз калкын электр энергиясы менен камсыз кылып андан кийин гана Ооганстан жана Өзбекстанга сатууга тийиш деп айтышат.

XS
SM
MD
LG