Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Активист Атай Бейшенбек эки айга камалды


Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

Активист Атай Бейшенбек 20-декабрга чейин камакка алынды. Чечимди 25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шек саналган Атай Бейшенбек өзүнө коюлган айыпты "акылга сыйгыс" деп баалап, сот чечимин мыйзамсыз деп атады. Сот залынан президент Садыр Жапаровго кайрылып, басым-кысымды токтотууга чакырды.

Атай Бейшенбек массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган башка активисттер менен, саясатчылар менен жолукпаганын билдирди.

Райондук сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевди 20-декабрга чейин камакта калтырган чечим чыгарды.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, дээрлик баары эки айга камакка алынды. Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында болушат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)билдиргендей, аларга Кылмыш жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар буга чейин чогулуш өткөрүп, башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар акция өткөрүп, камалгандарды эркиндикке чыгаруу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Эл аралык Human Rights Watch уюму кармалгандарды бошотууга чакырды.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG