Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Оштогу ооруканада бейтаптын сабалганы тууралуу окуя иликтенүүдө


Ош облустук психиатрия жана наркология ооруканасындагы бейтаптардын бири аны тартип сакчысы сабаганын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалымдады.

Аталган борбордун адистери бейтап аялдын денесинде ур-токмоктун белгилерин - бети-башы шишигенин, көгала тактарды аныкташкан.

Жабырлануучунун туугандары жазган арыздын негизинде бейтап соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүүдө. Тиешелүү документтер прокуратурага жөнөтүлгөн.

"Азаттык" азырынча Ош облустук психиатрия жана наркология ооруканасынан комментарий ала алган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG