Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Москва картасы: чек араны чечүүгө арачы керекпи?


Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон.
Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар тынчыбай келет. Соңку бир жарым жылдын ичинде эки ирет чоң кагылышуу болуп, жүздөгөн адамдардын каны төгүлдү. Тараптар сүйлөшүү жүргүзүп жатса да, талаш маселелер боюнча бир пикирге келе алган жок. Акыркы күндөрү чыр-чатакты чечүү үчүн башка бир жак арачылык кылсын деген сунуштар айтыла башталды. Ким ортомчу боло алат? Үчүнчү жактын кийлигишүүсү жаңжалды ого бетер ырбатпайбы?

Ушул суроолорду кыргызстандык публицист Мүсүркул Кабылбеков менен тажик саясат таануучусу Парвиз Мулложановго узаттык.

- Жакында Астана шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Орусия президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болду. Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өттү. Кийинчерээк Орусия президенти Москвада Кыргызстан менен Тажикстанда табылбашы мүмкүн болгон карталар бар деп айтты. Бирок эксперттер Орусиянын региондо өз кызыкчылыктары болушу ыктымал деген пикирди айта баштады. Сиздин оюңуз боюнча, Парвиз мырза, үчүнчү жак сунуштаган документтерди эки тарап тең жактырабы?

Парвиз Мулложанов: Биринчиден, Москвада Бишкек менен Дүйшөмбүдө болбогон карталар бар экенине күмөн санайм.

Парвиз Мулложанов
Парвиз Мулложанов

Совет мезгилинде картага түшүрүү иши катуу борборлоштурулуп, бардык карталар тигил же бул даражада Москва аркылуу өтчү. Ошондуктан тараптар карталарды Борбордун алдын-ала макулдугусуз колдоно алмак деп элестетүү кыйын. Анүстүнө, ар кайсы мезгилдердеги карталар административдик бөлүнүүнүн таптакыр башка-башка варианттарын көрсөтүшү мүмкүн. Биринчиден, совет мезгилиндеги карталар ошол кездеги так аныкталбай калган чек араларга карай түшүрүлчү. Алар мамлекеттер аралык чек араларга айланышы үчүн демаркация эми жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө кайсы карталарды колдонуу керек деген суроо келип чыкты. Москвага келсек, мен Путин Башкы штабдын карталары жөнүндө сүйлөшүп жатат деп ойлойм. Алардын көпчүлүгү жашыруун. Бул Бишкек менен Дүйшөмбүдө жок карта болушу мүмкүн. Бирок бул карталар да бири-биринен айырмаланышы мүмкүн. Башкы штабдагы карталар да ар түрдүү. Москва кайсынысын таап чыгат – бул да белгисиз. Буга Армения менен Азербайжандын ортосундагы талашты мисал келтирсек болот. Москвада Башкы штабдын таап берген карталары Азербайжанга пайдалуу экен, Арменияда аларды таануудан баш тартты.

Москва карталарды тапты деп коёлу. Алар бирөөнүн пайдасына көрсөтүлөт. Кандай болбосун, эгерде карталар өз кызыкчылыгына туура келбесе, мындай вариантка эч ким макул болбойт.

- Башкача айтканда, бул карталардын эки тарапка тең жагуу ыктымалдыгы өтө азбы?

Парвиз Мулложанов: Ооба, бул мүмкүн эмес деп ойлойм. Башка мисалдардан көрүп тургандай, карта тигил же бул тараптын пайдасына гана иштейт окшойт.

Анан эмне кылабыз? Нааразы тарап Москва картасын кабыл алууга мажбур болушу керекпи? Экинчи тарап Москва же берки тарап же бардык карталарды сунуштай алган жок же өзү тандаганын гана сунуштады деши мүмкүн. Мисалы, Москва булардын бири менен капалашып калса, карталар ошонун пайдасына болот деп ким кепилдик берет? Бул жерде ишеним маселеси келип чыгат. Карталар бул көйгөйдү чечиши күмөн. Биз буга чейин деле ушул жол менен чечүүгө аракет кылып көргөнбүз. Эки тарап тең өздөрү туура деген карталарын сунуштаганда, эч дал келбей калган болчу.

- Азыр Орусия расмий түрдө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө арачы түшө элек. Бирок ошентсе да кандайдыр бир процесс мерчемделгендей сезилет. Мүсүркул мырза, эки өлкөнүн ортосунда келип чыккан чек ара талашына үчүнчү жактын катышканы канчалык туура болот?

Мүсүркул Кабылбеков: Биз, кыргыздар менен тажиктер, өзүбүздүн маселелерди акыл-эс, жакшы ниет менен чечишибиз керек экендигин түшүнүшүбүз керек.

Мүсүркул Кабылбеков.
Мүсүркул Кабылбеков.

Үчүнчү тарап дейбиз, ал эмне кыла алат? Ал биздин ортобузда турушу мүмкүн. Акыркы жаңжалдан кийин ЖККУнун аскерлери Тоолуу Карабакта кандайча турганын көрдүк. Бирок алар ал жерде эч кандай маселе чечкен жок. Орусия бул жерде өзүнчө ойнойт да, эки жааттын ымаласын жакшыртууга эч таасир эте албайт деп ойлойм.

Бул жагынан алар толугу менен калыс болот деп ишенүүгө негиз жок. Мунун баары саясий кырдаалга байланыштуу, мунун баары Орто Азияда Батыш өлкөлөрү жана Кытай менен болгон мамиледен көз каранды. Биз өзүбүздүн маселелерибизди өзүбүз чечип, 1991-жылдагы келишимди негиз катары карманышыбыз керек деп эсептейм. Мен демографиялык жагдайды, айрым тарыхый окшоштуктар бар экенин түшүнөм. Бирок бул туюк жол. Биз ошол мезгилдин бардык президенттери кол койгон келишимге токтолуп, мамилебизди ушул негизде бекемдешибиз керек.

- Буга чейин эксперттик чөйрөдө бир өлкө, бир мамлекет ортомчу боло албайт деген сунуш айтылып келди эле. Эл аралык уюмдарды тартуу сунушу да айтылган болчу. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы ЕККУ, БУУ жана башкалар сыяктуу арачылар менен кызматташууга даяр экендигин билдирген. Чыр-чатактарды чечүү жагынан тажрыйбасы бар эл аралык ири уюмдарды тартса, канчалык туура болмок?

Мүсүркул Кабылбеков: Адегенде биз Тажикстан менен биздин чатагыбыз өзүбүз чече албагыдай даражада оорлошуп кетти беле – ушуну тактап алалы. Бул биринчи суроо. Менимче, азырынча мунун башы ачыла элек. Экинчиден, тилекке каршы, Советтер Союзу кулагандан бери өткөн жылдар аралыгында Борбор Азиянын бийлик башындагылар эң маанилүү маселени чечкен жок: алар өздөрүн көз карандысыз субъекттер катары аңдап биле элек. Алар менчиктештирүү менен алектенип, бийлик үчүн күрөшүп келишкен. Алар өтө эле майда, кокту-колоттогудай маселелер менен алектенишкен. Тилекке каршы, Борбор Азиядагы бир дагы мамлекетте биздин чөлкөмдүн орчундуу маселелери жөнүндө ой жүгүрткөн адам болгон жок.

Маектин аудиосун (орус тилинде) бул жерден угуңуз:

Дүйнөдөгү азыркы өзгөрүүлөрдү, туруксуз абалды эске алганда, кандайдыр бир конфликт келип чыкса, ири державалар бизге көңүл бурушпайт. Менин оюмча, азыр Кыргызстан менен Тажикстандын эксперттик коомчулугунун ортосунда элдик дипломатияны тез арада колго алуу керек. Эч качан тынчтык жана туруктуулук маселелерин аскер адамдарына ыйгарып койбоо керек.

Маекти орус тилинде толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG