Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

ИИМ жапырт кармалгандардын ишин тергөөгө эки айдай убакыт кетерин билдирди


Жогорку Кеңеш жапырт камоолор боюнча ИИМдин маалыматын угуп жатат. 26-октябрь, 2022
Жогорку Кеңеш жапырт камоолор боюнча ИИМдин маалыматын угуп жатат. 26-октябрь, 2022

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев башаламандыкка шек саналып жапырт камалгандардын ишин тергөөгө эки айдай убакыт кете турганын билдирди.

Ал бир нече экспертиза дайындалганын белгиледи. Бул тууралуу министрдин орун басары Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында билдирди. Ушул тапта депутаттар Кыргызстанда оппозициялык саясатчылардын жана активисттердин жапырт кармалып, камакка алынышына байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат. Эл өкүлдөрү ишти адилет жана акыйкат кароону өтүндү. Депутат Чыңгыз Айдарбеков жарандык коомго карата орой чара көрүлгөнүн белгиледи.

"Жарандык коом конкреттүү маселелер боюнча ачык-айкын бийликтин чечимдерине каршылыкты кандай жол менен көрсөтө алат. Көрсөтүлгөн позицияңарга караганда тынч чогулушту өткөрбөш керек экен. Анда жарандарга чогулбагыла, унчукпай отургула, эркин сөз бүттү деп айткыла. Сот чечими жок жарандарды кармадыңыздар. Аудио жазууларга экспертиза керек эле. Жаза-процессуалдык кодекс бузулду", - деди Айдарбеков.

ИИМдин орун басары Аширходжаев тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу маалыматтар ачык айтылбай турганын белгилеп, кармалган ар бир жарандын иши өзүнчө каралганын белгиледи.

Эл өкүлдөрү Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө эмес, алардын жыйынына катышпаган, мурда башаламандыктарга аралашпаган активист, саясатчыларды үй камагына чыгарып, тергөөнү улантууну сунуштады.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча ырастай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ошто ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 23 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, 22 адам Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Садыр Жапаров 24-октябрда улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG