Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Иранда студент кыз Махса Амининин кыркылыгында акция өттү


Махса Амининин мүрзөсү. Иран
Махса Амининин мүрзөсү. Иран

Ирандыктар хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалып, көп өтпөй көз жумган Махса Амининин кыркында маркумдун мүрзөсүнө барышты. Коопсуздук кызматынын эскертүүсүнө карабай, ондогон кыз-келин жана эркек кишилер Амининин кичи мекени Сакез шаарындагы көрүстөнгө чогулду. Ал жерден тартылган видеолордо “Аял, жашоо, эркиндик!”, “Диктаторго өлүм!” деген ураандар жаңырганын угууга болот.

22 жаштагы студент кыз 16-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, көз жумганы белгилүү болгондон кийин Ислам жумуриятынын булуң-бурчунда нааразылык акциялары башталган. Бийлик демонстрацияларды күч менен басып келатат.

Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Ослодогу уюмдун маалыматына ылайык, бери дегенде 215 киши набыт болду, арасында 27 бала бар.

1979-жылдагы Ислам революциясынан берки эң ири акциялардын башында аялдар менен окуучу кыздар турат.

25-октябрда бир катар университеттерде студенттер митингдерге чыгышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG