Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Орусия өзөктүк соккуну сынаган машыгуу өткөрдү


Орус армиясынын өзөктүк сокку урууну сынаган машыгуусу. 26-октябрь, 2022-жыл.
Орус армиясынын өзөктүк сокку урууну сынаган машыгуусу. 26-октябрь, 2022-жыл.

Орус армиясы 26-октябрда өзөктүк сокку урууну сынаган машыгуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө Камчаткадагы полигонго баллистикалык ракеталар учурулуп, стратегиялык бомба таштоочу учактар сокку урууну сынады. Мындай маалымат Кремлдин сайтына чыкты.

“Чагылган” деген аталыштагы машыгуу орус президенти Владимир Путиндин жетектөөсүндө өткөнүн коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Кремлдин сайты кабарлагандай, аскерлер Плесецк космодромунан “Ярс” баллистикалык ракетасын учурду, Баренц деңизиндеги “Тула” кемесинен “Синева” ракетасы атылды.

Буга чейинки машыгуу 19-февралда, Орусия Украинага кол салардын алдында болгон.

26-октябрдагы аскердик иш чара украин согушунда тактикалык өзөктүк курал колдонулушу мүмкүн деген божомолдордун фонунда өттү. Батыш Москваны андай массалык кыргын салуучу курал менен опузалаганын айыптоодо. Орус бийлиги муну четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG