Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

28-октябрдын аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 5…10;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-6.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 7…9 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG