Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

АКШ менен Израилдин президенттери ирандык дрондор маселесин талкуулады


Израилдин президенти Ицхак Герцог (солдо), АКШнын президенти Жо Байден (ортодо) жана Израилдин премьер-министри Яир Лапид.
Израилдин президенти Ицхак Герцог (солдо), АКШнын президенти Жо Байден (ортодо) жана Израилдин премьер-министри Яир Лапид.

Израилдин президенти Ицхак Герцог АКШнын президенти Жо Байден менен Вашингтондогу шаршембидеги кездешүүсүндө Орусия Украинада колдонуп жаткан ирандык өндүрүштөгү сокку уруучу дрондор темасын талкуулады.

Герцогдун айтымында, Иран Москвага “Украинанын жайкын тургундарына өлүм алып келе турган” куралдарды жиберүүдө.

Израилдин президенти мунун алдында Вашингтондогу Атлантикалык кеңеште сөз сүйлөп жатып, Орусия пайдаланып жаткан дрондор Иранда өндүрүлгөнүн ырастаган фото кадрларды сунуштады.

Москва менен Тегеран Орусияга Ирандан учкучкуз учактар келип жатканы тууралуу маалыматтарды ырастабай келатат. Украиналык жана эл аралык адистердин жоон тобу орус тарап соңку апталарда колдонуп жаткан "Герань-2" дрону ирандык "Шахид-136" экенин, болгону анын сыртын жасалгалап коюшканын белгилеп жатышат. Ал дрондор Украинанын ири шаарларындагы жарандык объектилерге сокку урууда.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги мурдараак тараткан билдирүүсүндө, Украина аталган "жанкечти дрондор" менен ийгиликтүү күрөшө баштаганын маалымдаган. Алардын ырасташынча, украиндер ирандык өндүрүштөгү дрондордун 85% атып түшүрүп жатат.

Украинанын Чалгын кызматынын (ГУР) башчысы Кирилл Буданов "Украинская правда" басылмасына курган маегинде учкучсуз учактардын 70% талкаланып жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, Орусия Иранга 1700 дронго буйрутма берип, анын 600үн алды. Ушул күнгө чейин аппараттардын 300 даанасы колдонулду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG