Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Бишкек-Ош жолунун боюнда киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-октябрда Бишкек-Ош жолунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынан өткөн тилкесинде, жол четиндеги арыктан эркек кишинин сөөгү колу-буту байланган, көмкөрөсүнөн жаткан абалында табылды.

"Азаттыкка" Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашкандай, ал 35-40 жаштардагы азият түспөлүндөгү адам.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук милициясы сөөктөн киши колдуу белгилерди аныкташкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголду.

Соттук-медициналык жана экспертизалар дайындалды.

Маркумдун тек-жайы аныктала элек.(TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG