Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Мамбетжунус Абылов суракка алып келинди


Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абыловду милиция алып кеткенин жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, Абыловду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен.

Мамбетжунус Абылов Тергөө башкармалыгына суракка алып келингенин ИИМдеги жеке булактар ырасташты.

Мамбетжунус Абыловго 26-октябрда кылмыш иши козголуп, үй-жайы тинтүүгө алынганын, милиция анын үйүнөн эки диск алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" маалымдаган. Маалыматка караганда, тинтүү учурунда экс-элчи үйүндө болгон эмес.

Абыловго козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинен тактоого мүмкүн болгон жок.

Мурдагы элчи жана экс-министр Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан. Бишкекте 22-октябрда өткөн жыйында Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө өткөн курултайдын чечими талкууланганын белгилеген.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кийин соттун чечими менен дээрлик бардыгы эки айга камалган. Алардын арасында активист Атай Бейшембек комитетке мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын сотто билдирди. Камалгандардын көбү акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болушкан.

ИИМ аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG