Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Депутат 47-түрмөнүн ордуна парк курууну сунуштады


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №47 абактын ордуна курулуучу социалдык турак жай комплексинин долбоору менен таанышууда. Бишкек. Сентябрь, 2022-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №47 абактын ордуна курулуучу социалдык турак жай комплексинин долбоору менен таанышууда. Бишкек. Сентябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарында жакында алынган №47 түрмөнүн ордуна парк куруу сунушу менен чыкты. Ал бүгүн, 27-октябрдагы отурумда шаар четине жылдырылган мурдагы абактын 8 гектар жерине көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна жашыл парк куруу Бишкек үчүн жакшы болорун айтты:

"Мага мэриядан келген жоопко караганда мурунку түрмөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөр, бир мектеп, бир бала бакчасы менен курулат экен. Мен мурда да сунуштап келгендей, 8 гектар аябагандай чоң аймак. Бул жерге парк куруп, Түштүк Магистралдан түрмөгө чейин түз түшкөн Чортеков көчөсүнүн жээгин бакка айландырсак, Эркиндик гүлбагынан калышпаган бульвар болот. Шаар тумчугуп баратат, бош жер калбай, жалаң көп кабаттуу үй курулуп кетти, ошондуктан, бул жерге парк курулсун".

Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси куруларын өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген. Ал 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак жай комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартыларын айткан.

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкектин четинде жайгашкан №47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которула турганын быйыл март айында кабарлаган.

№47 колония - ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон. Бул абак 1943-жылы курулган. Ошондон бери инфратүзүм, энергетикалык чарбалар жана инженердик тутуму капиталдык ремонттон өтпөгөнү айтылып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG