Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Активист Марат Баязов эки айга камалды


Жарандык активист Марат Баязов 20-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 27-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын жактоочусу “Азаттыкка” Эркин Сааданбеков билдирди.

Баязов Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Ал "Массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деп шек менен кармалган. Баязов өзүнө коюлган айыпка макул эместигин, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин жыйынына катышпаганын билдирген.

Буга чейин милиция аны "массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деп шектелип кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы жана активисттердин иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын маалымдаган эле.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган.

Жарандык коом жана айрым эл аралык уюмдар бийликти аларды бошотууга чакырууда.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан. (КE)

XS
SM
MD
LG