Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Президент Жапаров ЕБ менен кызматташтык сапаттык деңгээлге чыкканын айтты


"Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусу. 27-октябрь, 2022-жыл. Астана
"Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусу. 27-октябрь, 2022-жыл. Астана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтык жаңы сапаттык деңгээлге чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-октябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусунда сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын акыркы Консультативдик жолугушуусунда достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын айтты.

"Биз мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек аралардын бузулгустугун өз ара урматтоо, талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен гана чечүү, күч колдонбоо же күч колдонуу менен коркутпоо, адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо, эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык укуктун ченемдерин абийирдүүлүк менен аткаруу принциптерин жетекчиликке алуу менен өз ара ишенимге негизделген мамилелерди өнүктүрүүгө макулдаштык", - деди Жапаров.

Президент Борбор Азиянын транзиттик потенциалына токтолуп, коңшу мамлекеттердин катышуусунда "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу мерчемделип жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан транспорт тармагындагы башка ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

"Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштарды изилдөөсүнүн жыйынтыгын оптимисттик маанай менен күтүп жатабыз. Санариптештирүү маселелеринде системалуу түрдө алдыга жылыштар бар. Бир нече жылдан бери Европа Биримдиги менен бул жааттагы долбоорлор натыйжалуу ишке ашырылып келет, аларды улантууга даярбыз. Бул өз кезегинде бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы чараларыбызга көмөкчү болот. Экономикалык реформалар менен бирге Кыргызстанда интеллектуалдык активдүүлүктүн өсүшүнө жана чыныгы ишкердик чөйрөнү түзүүгө оң таасирин тийгизет", - деди ал.

Садыр Жапаров Казакстандын борбору Астанага иш сапары менен 27-октябрда барган. Сапар алкагында Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушкан. Анда Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу жараянына даярдык маселеси талкууланганын президенттин басма сөз кызматы билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG