Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Грузияда депутаттын сөөгү өз үйүнөн табылды


Ираклий Хахубия.
Ираклий Хахубия.

Грузия парламентиндеги башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын депутаты Ираклий Хахубиянын Тбилисидеги үйүнөн сөөгү табылганы кабарланууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” грузин кызматы жазды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 27-октябрда кабарлагандай, депутаттын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.

Маркумдун жанынан ок атуучу курал табылган. Башкы версия катары өзүнө-өзү кол салышы мүмкүн экени каралууда. Ошол эле маалда киши колдуу болушу мүмкүн деген вариант дагы четке кагылган жок.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, 51 жаштагы Ираклий Хахубиянын ден соолугу уулу каза болгон соң начарлап кеткен.

Депутаттын уулу, 21 жаштагы Бека Хахубия 2017-жылы жол кырсыгынан кийин полициядан качып бараткан маалда каза болгон. 2019-жылы бул кылмышка байланыштуу эки полиция кызматкери эки жылга камакка алынган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG