Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

KICB Орусиянын "Мир" картасын тейлөөнү токтотту


Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы (KICB) Орусиянын "Мир" банктык картасын тейлөөнү токтотту. Бул тууралуу мекеме 27-октябрда сайтына жарыялады, бирок себебин түшүндүргөн жок.

Бир апта мурун “Азия Банкы”, “Кыргызстан Коммерциялык банкы”, “Компаньон”, “Дос кредо банк” жана “Бакай банк” “Мир” карталарын тейлебей турганын жарыялашкан. “Кыргызстан Коммерциялык банкы” мунун себеби Москва туш болгон санкцияларга байланыштуу экенин маалымдаган. Башка банктар “техникалык себептен улам” деген жүйөнү келтирген.

Орусия Украинага басып киргенден кийин эл аралык каржы институттары орусиялык банк системасына бир катар чектөөлөрдү киргизген. Сентябрдан бери Борбор Азия мамлекеттеринин “Мир” банктык картасын тейлөөнү биринен сала бири токтото баштады.

Орусиянын банктары өлкөнүн ичиндеги төлөмдөрдү Улуттук төлөм карталар системасы аркылуу ишке ашырат. Чет өлкөдө орусиялыктар альтернативдүү системалардын карталарын иштетиши керек - мисалы, орусиялык "Мир" же кытайлык China UnionPay.

"Мир" картасы дүйнөнүн 10 өлкөсүндө жана Грузиядагы жикчил аймактарда кабыл алынчу. Unionpay 150 мамлекеттин чекене соода түйүндөрүндө жана банкоматтарында иштейт.

Батыш мамлекеттери санкцияга кабылган орусиялык банктарды SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан да өчүргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG