Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

HRW уюму "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүн сындады


HRW уюмунун логосу. Иллюстрациялык сүрөт.
HRW уюмунун логосу. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 26-октябрда "Азаттык Медианын" сайтынын эки айга жабылышын сындаган билдирүү таратты. Уюмдун Борбор Азиядагы иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева Кыргызстан көз карандысыз медианы кысымга албай, колдоого тийиш экенин билдирген.

"Жаңжалдын эки тарабынын тең үнүн берүү - бул стандарттык журналисттик тажрыйба. Мындай негиз менен "Азаттыкты" бөгөттөө - Кыргызстандагы эркин журналистиканы көзөмөлдөө жана цензураны күчөтүү далалаты. Бул өлкөнүн эл аралык коомчулук алдында адам укуктары, өзгөчө сөз эркиндигине карата алган милдеттенмелерин бузуусуна жатат. Кыргызстан көз карандысыз маалымат каражаттарын кысымга алуунун ордуна колдоого тийиш. Бийлик сөз эркиндигин көзөмөлдөө аракетин токтотуп, адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлаарын көрсөтүшү керек", - деди Султаналиева.

Уюмдун билдирүүсүндө "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшү 13-октябрда редакциянын алдында радионун жабылышын талап кылган митингге жана Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын "Азаттыктын", Kloop жана Kaktus.media сайттарынын жабылышына чакырган петицияга кол коюу демилгесине улай эле болгону белгиленген.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG