Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Өзбекстан ирандык учкучсуз учактарга байланыштуу маалыматты четке какты


Өзбекстандын желеги.
Өзбекстандын желеги.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Украинага кайрылып, медиада Ташкенттин дарегине негизсиз айыптоолорду жайылтууга каршы чара көрүүгө үндөдү.

Тышкы иштер министрлиги 27-октябрда Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө Өзбекстан Иран менен аскердик-техникалык чөйрөдө кызматташпай турганын билдирген. Ташкент Киевден украин маалымат каражаттарында негизсиз айыптоолорду таратууга жол бербөөнү суранды.

Бул маселеге украиналык журналист Дмитрий Гордондун израилдик ишкер Леонид Невзлин менен маеги себеп болду. Анда Украинадагы согушта колдонулуп жаткан учкучсуз дрондор "Өзбекстанда да өндүрүлгөнү" тууралуу сөз болот.

Киев акыркы күндөрү Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонуп жатканын билдирген.

Москва менен Тегеран муну четке кагууда.

Евробиримдик Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн 20-октябрда ирандык үч генералга жана курал өндүрүүчү Shahed Aviation Industries корпорациясына санкция салган.

XS
SM
MD
LG