Ондогон бейөкмөт уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер камакка алынган аял активисттерди бошотууну талап кылып президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, кол топтой баштады.
"Наш Век", "Достоинство", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Кылым шамы" укук коргоо уюму баштаган ондогон уюмдар, жарандык активисттердин кайрылуусунда кармалган активист аялдар адам укугун коргоодо жана жарандык коомду өнүктүрүүдө ар бири чоң салым кошуп жатканын белгилешкен.
"Биз Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында катышуучулар тынчтык митинги тууралуу гана сөз кылганына ишенебиз. Тынчтык жыйындары зомбулук жана курал колдонуу максатын көздөбөйт. Мамлекеттик органдар чогулгандардын диний ишеними, саясий же башка көз карашына карабай, тынчтык жыйындарын сыйлап, аны уюштуруу укугун камсыз кылып, өткөрүүгө тоскоол болбошу керек. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык ар бир адам кандайдыр бир бирикмелерге кошулууга, коомдук кызыкчылыкты коргоо үчүн өз ыктыяры менен комитет, союз ж.б. уюмдарды түзүүгө укугу бар", - деп жазылган кайрылууда.
Жарандык коомдун өкүлдөрү акыркы окуялар коомдогу араздашууга, пикир келишпестиктерден улам жарандык коомчулуктун кагылышуусуна алып келип, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына доо кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Кайрылуунун авторлору бийликти жарандык коом менен токтоосуз диалогго чакырган.
23-октябрда Ички иштер министрлиги "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык" деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйүн тинткен. Соттун чечими менен жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы жана активисттер эки айга камалды.
Садыр Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.
Башаламандык уюштурууга айыпталгандар тагылган кинени толук четке кагып, мыйзамсыз кармалганын айтышууда. (BCh)