Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

Москвадан кармалган активисттер Бишкекке алып келинди


Орозайым Нарматова, Илгиз Шаменов.
Орозайым Нарматова, Илгиз Шаменов.

Москвада кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова Кыргызстанга алып келингенин анын жакындары "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты "Манас" эл аралык аба майданындагы өздүк булактар дагы ырастады. Ушул эле күнү Москвадан активист Илгиз Шаменов дагы алып келингенин жакындары айтууда.

27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган. Кийин анын жакындары экс-депутатты 26-октябрдын түнү үйүнөн кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Нарматова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") негизинде козгогон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

"Фейсбуктагы баракчасынан видео кайрылуу жасаган"

Нарматованын Бишкекке ​алып келинерин уккан жакындары жана партиялаштары “Манас” эл аралык аэропортуна тосуп барышты. Бирок күч органдары автоунаага салып кеткени айтышып, аны менен жолуга алышкан жок.

Мирлан Ураимов
Мирлан Ураимов

“Ага каршы кылмыш иши 25-октябрда козголгону айтылып жатат. Ал дал ошол күнү өзү жана дагы башка үч активист менен Фейсбуктагы баракчасында видео кайрылуу жасаган. Мага жеткен маалыматтар боюнча Нарматованы “эл аралык издөөдө” деген кагаздын негизинде Орусиянын жана Кыргызстандын күч органдары биргелешип кармаган окшойт. 278-берене (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен иш козголгону айтылып жатат. Биз бул айып менен макул эмеспиз, Орозайым өзүнүн жарандык позициясын гана билдирди. Нарматованын да, биздин партиянын мүчөлөрүнүн да бийликти алмаштыруу, массалык башаламандыкка чакырууга ниети болгон эмес. Биз болгону өз жерибизди коргоп калалы деген гана ойду айтып жатабыз. Бул биздин жарандык укугубуз”,-деди "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов.

Ураимов айтып жаткан билдирүү Орозайым Нарматованын Фейсбуктагы жеке баракчасына 25-октябрда жайгаштырылган. Анда активист жана ишкер Илгиз Шаменов, активист Тилекмат Кудайберген уулу, манасчы Дөөлөт Сыдыков жана дагы бир активист Эмил Жайчиев Москвада туруп кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган.

Нарматова кайрылуусунда камакта отурган блогерлерди жана “Кемир-Абадды коргоо” комитетинин мүчөлөрүн бошотууга чакырган.

"Жериңер үчүн, элиңер үчүн силер да чыккыла, силер да президенттин шайлоочуусу катары андан талап кылгыла”,-деп кайрылган.

Орозайым Нарматова бийликти сындап жүргөн активист катары белгилүү. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Бирок быйыл 20-январда УКМК менен Билим берүү министрлигинин "дипломду мыйзамсыз алган" деген маалыматына таянып, БШК аны мандатын жокко чыгарган.

28 жаштагы активист активдүү мүчөсү болгон “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров азырынча бул боюнча үн ката элек.

"Илгизге буга чейин да басым болуп келген"

Илгиз Шаменов "28-октябрдын таңында аны күч органдары Кыргызстанга алып кетип жатканын" айтып, Москва-Бишкек каттамындагы авиа билетин жарыялаган.

Ал Орусия тарап ага саясий баш паанек берүүнү сунуштаганын, бирок ал андан баш тартканын, өз позициясында бекем турууга даяр экенин жазган.

Илгиз Шаменовдун "Фейсбуктагы" баракчасына калтырган билдирүүсү
Илгиз Шаменовдун "Фейсбуктагы" баракчасына калтырган билдирүүсү

"Манас" эл аралык аэропортуна келген анын жакындары да ага жолуга алган жок. Нарын районундагы Дөбөлү айылынын тургуну Төрөбек Жунусов Илгиз Шаменовдун айылдашы. Ал Шаменовду колдоо иретинде аба майданына келгенин, бирок өзүн көрө албай калганын айтты.

Төрөбек Жунусов.
Төрөбек Жунусов.

“Алар космостук ылдамдыкта иш козгоп, өлкөгө алып келишти. Мындай ылдамдыкта ошол эле коррупционерлерди, саясатчыларды кармаганын көрө элекпиз. Илгизге буга чейин да басым болуп келген, ал аргасыздан Москвага кетүүгө мажбур болгон эле. Жаш ишкерлерди, активисттерди жана журналисттерди колдоонун ордуна ушундай кысым болуп жатканы туура эмес. Активисттерди зынданга салуу менен чек ара маселеси чечилип кетпейт, бул суроону отуруп сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү зарыл. Өзүнүн көз карашын айткандарды зындан менен коркутуу, басым жасоо болбойт”.

Ушул тапта эки активистти Бишкек шаардык милициясына суракка алып барышканы кабарланды. Ички иштер министрлиги азырынча расмий комментарий бере элек.

23-октябрда Ички иштер министрлиги "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык" деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Кийин соттун чечими менен жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы жана активисттер эки айга камалды.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.

Башаламандык уюштурууга айыпталгандар тагылган кинени толук четке кагып, мыйзамсыз кармалганын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG