Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Сирияда калган балалуу аялдар жакында кайтып келери айтылды


Сириядагы лагерь. Архивдик сүрөт.
Сириядагы лагерь. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан Сирияда калган кыргызстандык аялдарды жана алардын балдарын жакын арада алып келгени жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 28-октябрда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольмду кабыл алып, кызматташтыкты, анын ичинде ушул маселени талкуулады.

“Жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу энелерди алып келүү маселесине токтолгон Иманкулов Кыргызстан өз жарандарын репатриациялоо (мекенине кайтаруу) жараянын ишке ашыруу менен балдарга баладай мамиле жасоо принциптерин, тагыраак айтканда, алар тууралуу купуялуулукту сактоо, ошондой эле репатриацияланган балдардын энелери менен туруктуу байланышын камсыз кылуу принциптерин карманарын билдирди” деп айтылды мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Жолугушууда кайтып келе турган балдарды тосуп алуу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн шарт түзүү багытында мамлекеттик органдар аткара турган иштер тууралуу да сөз болгону кабарланды.

2021-жылдын март айында Кыргызстан «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы кайтарган. Алардын 37си Ирак, Сирия жана Түркияда төрөлгөн.

2021-жылдын 1-февралында Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын жалпы саны 27,5 миңдин тегерегинде болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын быйыл 27-июлда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG