Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Иран: Укук коргоочунун өлүмү жөнүндө жазган эки журналистке айып тагылды


Ирандык журналист Нилуфар Хамеди. Архивдик сүрөт.
Ирандык журналист Нилуфар Хамеди. Архивдик сүрөт.

Иран бийлиги каза тапкан 22 жаштагы активист Махса Амининин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп жазып чыккан эки журналист кызды “мамлекетке чыккынчылык кылды жана Кошмо Штаттардын атайын кызматынын пайдасына иштеди” деп айыптоодо. Ирандын мыйзамдары боюнча алар өлүм жазасына тартылышы ыктымал.

Буга чейин расмий Тегеран Амининин өлүмүнөн кийин өлкөдө тутанган жапырт нааразылык акцияларынын артында АКШ жана "сионисттер" турат деп билдирип келген.

Журналисттер Нилуфар Хамеди менен Элаэ Мохаммадини полиция жапырт митингдер башталган алгачкы күндөрдө кармап кеткен. Алар көбүнчө саясий туткундар кармалары менен атагы чыккан Эвин түрмөсүнө камалган.

Ирандын атайын кызматтары журналист кыздарды АКШнын Чалгын кызматынын (ЦРУ) агенттери деп атаган биргелешкен билдирүүсүн жарыялап, бир айдан бери токтобой жаткан жапырт акцияларды ЦРУ, “Моссад” уюмдары жана Батыштын чалгын кызматтары уюштурганын белгилешти.

Жалпысынан соңку окуялар учурунда Иранда 40тан ашуун журналист камакка алынды. Британиянын

The Guardian басылмасына жергиликтүү кабарчылар айтып беришкендей, Иранда журналисттердин артынан дайыма аңдуу жүрүп турат, атайын кызматтар алардын телефон аркылуу сүйлөшүп, жазышкандарын дайыма тескеп турушат.

Быйыл 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган.

Маркумдун укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. Соңку акцияларда 200дөй адам өлтүрүлдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG