Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Ноокенде адам өлтүрүүгө шек саналып беш жаран кармалды


Ноокен.
Ноокен.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмү мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шек саналып, беш жаран кармалганын билдирди.

26-октябрда саат 15:00 чамасында милицияга Бишкек-Ош жолунун 488-чакырымында Достук айыл аймагынын Кең-Сай айылына баруучу жолдо азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Райондук милиция ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде колу-буту байланган сөөктү тапканын, андан киши колдуу болгон белгилер аныкталганын маалымдаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-бөлүгү ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө киши колдуу болгон адам Өзбекстандын Наманган облусунун 38 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын 1987, 91, 93-жылдары туулган беш тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуя кызганычтан улам чыкканы аныкталганы, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG