Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

Орусияда ВИЧке чалдыккандардын саны 1,5 миллионго жетти


ВИЧке алынган анализдер.
ВИЧке алынган анализдер.

Орусияда ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны 1,5 миллионго жетти. Бул тууралуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматына (Роспотребнадзор) караштуу СПИДдин алдын алуу жана эпидемология илимий-иликтөө борборунун башчысы Вадим Покровский билдирди. Анын эсебинде 2030-жылы бул сан 2 миллиондон ашат.

Ал эми Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги Покровскийдин билдирүүсүн четке кагып, инфекцияга чалдыккандардын саны 850 миңдин тегерегинде экенин маалымдады.

Буга чейин Вадим Покровский Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып, 2017-2020-жылдар аралыгында ВИЧтен 80 миң орусиялыктын өмүрү кыйылганын айткан. Окумуштуунун пикиринде, Орусияда ВИЧ боюнча кырдаал болуп көрбөгөндөй начар. 100 миң адамдын жан башына алганда, бул сан Евробиримдиктин мамлекеттериндеги көрсөткүчтөн он эсе жогору.

2022-жылдан баштап Орусиядагы мигранттар дагы толук медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG