Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

УКМК эки милиция кызматкери пара менен кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн (РРИБ) эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлады.

Маалыматта кармалгандар кылмыш ишти оң жака чечип берүүгө убада берип, шектүүдөн 120 000 сом талап кылышканы, 1-ноябрга караган түнү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнү айтылат. Мындан тышкары УКМКнын укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу иштеринин жүрүшүндө, Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен чогуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы жазылган.

Эки милиционер УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу тууралуу иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган тараптын жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG