Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


3-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 12…14 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG