Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрация сүрөт. Бишкек. Ала-Тоо аянты.
Иллюстрация сүрөт. Бишкек. Ала-Тоо аянты.

Президенттик администрация “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап, аны 2-ноябрда коомдук талкууга чыгарды. Документтин маалыматтык негиздемесинде “мындай уюмдарга саясий-укуктук талап көбөйүп жатканы” жазылган.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын саны тууралуу так маалымат жоктугу, азыркы мыйзамга ылайык каттоодон өтүү милдетүү эместиги көрсөтүлгөн.

Жаңы мыйзам долбоорунда “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк киргизилген жана мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары бир топ көбөйгөн.

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени жөнүндө расмий маалымат жок, айрым булактарда 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт. Азыркы бийлик мурдагы президенттин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды 2021-жылы кабыл алып, ага кол коюлган.

Жергиликтүү активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар бийликтин жарандык коомго басымы көбөйөрүн айтып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG