Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасы каралууда


Семетей Талас уулу. 3-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек.
Семетей Талас уулу. 3-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек.

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап жатат. Сот башталардын алдында Талас уулу журналисттердин суроосуна жооп берип, кармалган себебин айтты. Ал 2021-жылы Фейсбук баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөнүн билдирди.

"Фейсбуктан бир материал бөлүшкөм, Ооганстан боюнча... СССРдин, Американын аскерлеринин бул өлкөгө келиши боюнча тарыхый эле материал болчу. Аны бөлүшкөндөн кийин бирөө "хизбуттардын" сайты, билбейсиңби деди. Билбейм дедим. Чын эле ошондойбу деп, 20 мүнөттөн кийин өчүрдүм. Ошол базага түшүп калып, кармап тура беришкен. Февралда үйдөн дагы китептерди алып кеткен, ал муфтияттын уруксаты менен чыккан китептер. Андан эч нерсе чыккан жок, үйдөн дагы эч нерсе чыккан эмес. Өзүм салттуу исламды карманган, катардагы эле мусулманмын. Мен байкабай бөлүшүп алдым да, атайлап бөлүшкөн жокмун", - деди ал.

Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза "Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн" деген корутунду чыгарганын айткан.

Журналист буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG