Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Бекешев УКМКга маалымат берүүгө милдеттендирген токтом долбоорун сынга алды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев улуттук коопсуздук органдарына маалымат берип турууга милдеттендирген өкмөттүн токтомунун долбоорун сынга алды. Ал буга байланыштуу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды:

"Министрлер кабинети улуттук коопсуздук органдары менен кызматташуунун тартиби тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды жана маалымат берүүгө милдеттүү деген субъектилердин тизмесин жарыялады. Ал жерге баарын кошуп коюшкан. Мамлекеттик органдар, өзүн-өзү башкаруу органдары, юридикалык жана жеке тараптар кошулган. Азыр ишкерлер чөйрөсү, жөнөкөй жарандар буга нааразы болуп жатат. Эч ким милдеттүү түрдө маалымат берип тургусу келбейт. Өзгөчө бул банк тармагында болсо кандай болорун элестетип жатасыңарбы. Эгер УКМК баарын маалымат берүүгө, бири-бири тууралуу арызданууга милдеттендирип жатса кандай инвестор бизге келмек эле? Президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндө дагы бир мыйзам долбоору тууралуу демилге көтөрдү. Бул мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынган. Орусиянын мыйзамдарын көчүрүп алгандарга ошондой мыйзамдар жакса анда Орусияда жашап келгиле деп айтат элем",- деди Бекешев.

Өкмөт улуттук коопсуздукка байланыштуу токтомдун долбоору жөнүндө кооптонууларга азырынча жооп кайтара элек.

Мунун алдында президенттик администрация “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап, аны 2-ноябрда коомдук талкууга чыгарды. Документтин маалыматтык негиздемесинде “мындай уюмдарга саясий-укуктук талап көбөйүп жатканы” жазылган.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын саны тууралуу так маалымат жоктугу, азыркы мыйзамга ылайык каттоодон өтүү милдетүү эместиги көрсөтүлгөн.

Жаңы мыйзам долбоорунда “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк киргизилген жана мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары бир топ көбөйгөн.

Президенттик администрация дагы Бекешевдин билдирүүсүнө үн ката элек.

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени жөнүндө расмий маалымат жок, айрым булактарда 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт. Азыркы бийлик мурдагы президенттин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды кабыл алып, ага кол коюлган.

Жергиликтүү активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар бийликтин жарандык коомго басымы көбөйөрүн айтып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG