Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Орозайым Нарматова милициянын ырайымсыз мамилесине даттанды


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Бүгүн, 2-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматовадан жана активист Илгиз Шаменовдон кабар алды.

Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарматова Бишкек милициясы ага ырайымсыз мамиле жасаганы боюнча арыз жазып, аталган борбордун кызматкерлерине берген. Арызда аны Москвадан учуп келери менен Бишкектен кармап, адвокатсыз эле сурак алышканын жазган.

"Сурак берген 4-5 саатта мага тамактанууга, дааратканага барууга жана адвокатка телефон чалууга мүмкүнчүлүк беришкен жок", - деп белгилеген экс-депутат.

Милиуия Нарматованын айткандарына жооп бере элек.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти.

27-октябрда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келингенден кийин эки айга камалган.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG